05:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Кыргыз темир жолу» ишканасын акционердик коомго айлантуу сунушталууда

Өкмөт «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын акционердик коомго айлантуу сунуштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды.

Мамлекеттик ишкананын башкы директору Канатбек Абдыкеримовдун айтымында, жүк жана жүргүнчү ташуучу вагондордун 50 пайызы жараксыз. Андан сырткары темир жолдордун баары оңдоого муктаж.

«Бизге өсүү үчүн инвестиция керек. Биз акционердик коом болсок, инвестиция тартууга оңой болмок», — дейт ал.

Мамлекеттик мүлк фондунун айтымында, акционердик коомдордо жыл сайыл аудит жүргөндүктөн, алардын финансалык көрсөткүчтөрү ачык болот.

«Кыргыз темир жолунун» юридикалык макамын өзгөртүү менен анын акцияларын 100 пайыз мамлекет колунда кармап калмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар