10:33
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Соттук медициналык экспертизанын кызматкери пара алып кармалды

Жалал-Абад облусу боюнча Соттук медициналык экспертизанын региондор аралык бөлүмүнүн жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, аталган кызматка жаран арызданган. Ал Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактары боюнча соттук-медициналык экспертизанын региондор аралык бөлүмүнүн жетекчиси жалган соттук-медициналык жыйынтык чыгарып берем деп 100 000 сом пара талап кылганын айткан.
 
1-февралда Шамалды-Сайда акча алып жаткан жеринен жетекчи кармалды.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар