«Кырк чоро» уюмунун мүчөсү Нуралы уулу Бактыбекти сабап кетишти. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине уюмдун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, Нуралы уулу Бактыбекке кечээ Токмок шаарынын автовокзалында үч беткап кийген киши кол салды.
«Аларды милиция кызматкери көрүп калып, арачалаган. Кол салгандар качып жөнөгөндө милиционер кууп жете алган эмес. Анан ал Нуралуу уулу Бактыбекти ооруканага алып келген. Ал азыр Токмок шаарынын ооруканасында», — деди ал.
Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, акыркы күндөру «Кырк чоро» мүчөлөрүнө ар кандай коркутуулар болууда.
«Бактыбекке дагы үйдөн чыкпай олтур деп эскертишкен. Менин үйүмө тааныбаган үч киши келип, ишиңерди токтоткула деп айтышты», — дейт ал.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан Нуралы уулу Бактыбек сабалганын ырасташты. Алардын айтымында, окуя 31-январда кечке жуук болгон.
«Нуралы уулу Бактыбектин мобилдик телефонун жана машинасынын ачкычын алышкан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча тоноо беренеси менен иликтөө башталды», — дейт ал.

