08:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткен облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн саат 12:16 чамасында Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Жер айылында 3 баллга, Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар