08:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мушкерлердин деңгээлин көтөрүү максатында, чет өлкөлүк адистер чакырылат

Кыргыз күрөшүнүн машыктыруучуларынын жана мушкерлеринин деңгээлин көтөрүү максатында, чет өлкөлүк адистер чакырылат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, агенттиктин директору Канат Аманкулов эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло жеңүүчүсү Кенжебек Өмүралиев жана Азия оюндарынын чемпиону Данияр Кобонов менен жолукту. Анда алар өлкөдө грек-рим жана эркин күрөштөрү өнүктүрүү маселелерин, жогорку квалификациядагы мушкерлерди даярдоо жана машыктыруу процесстерин даярдоо системасын талкуулашкан.

Андан тышкары чет элдик адистерди чакыруу системасын киргизүү да сунушталды.

.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума