Бишкекте түкүргөндөрдүн саны азайды. Бул тууралуу «Бузуулар тууралуу Кодексте эмнелер өзгөрдү?» деген темада өткөн тегере столдо шаардын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Керимбай Чойбеков билдирди.
Иш-чарада Ак Үйгө түкүргөн бала тууралуу кеп болду.
«Коомчулукка бул Кодекстер таасир берди, коомдук жайларда түкүргөндөрдүн саны кыскарды. Бул биздин коомдун жеңиши», -деди Керимбай Чойбеков. Ал билдиргендей, шаардыктар таштанды таштабай калышты.
Эске салсак, 1-январдан тарта Кыргызстанда жаңы Кодекстер ишке кирген.
.