Тартип сакчысы түкүргөндүгү үчүн айып төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, интернетке милициянын формасын кийген киши тамеки чегип, түкүрүнгөндүгү тууралуу видео тараган. Чүй ОИИБ тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, учурда анын өздүгү такталды.
Материалдар Аламүдүн районундагы Лебединовка айылдык өкмөтүнө жиберилди.
Эске салсак, буга чейин Ак үйдүн алдында түкүрүнгөн баланын видеосу тарап, кызуу талкууга алынган.