11:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Депутат кайсы жерге түкүргөнгө болбойт деген жайлардын тизмесине кызыкты

Депутаттар өкмөткө кайсы жерге түкүргөнгө болбойт деген жайлардын тизмесин түзүүгө кеңеш берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

Ал Адилет министрлигинен футбол талаасы коомдук жайга киреби деп кызыкты.

«Футбол талаасында түкүргөнгө болобу? Биз футболчуларды куттуктадык... Биз чакыра беребиз, түкүрө беришет. Биз аларга айыппул сала алабызбы?», -деп сурады ал.

Адилет министри жооп бере албады. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков коомдук жайлар өзүнчө жарлык менен белгиленген.

«Тизмеге көчөлөр, бурулуштар, бульвар, сквер, аянт, короолор, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, кинотеатрлар, театрлар, цирк, коцерттик, көргөзмо залдары, спорттук арена, көп адамдар эс ала турган үстү жабылган жайлар, түнкү клубдар, дискотека, дүкөндөр, коомдук тамактануучу жайлар, көлдүн жээктери, саламаттык сактоо уюмдары, музей жана китепканалар кирет», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби