Кыргызстандын өкмөтү түкүрүк үчүн айыппулду азайтуу ниетинде. Бул тууралуу маалыматы жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Айтымында, түкүрүк үчүн 5,5 миң сом «Таштанды таштоо жана өрттөө» беренесинде айтылган.
«Бул учур коомдук резонансты жаратты. Премьер-министр бир канча кеңешме өткөрдү. Бузуулар тууралуу Кодексте белгилүү бир жерлерде тамеки чеккендер үчүн берене бар. Анда 1 миң сом айып каралган. Чылым чегүү менен түкүрүк үчүн айыптар окшош болуш керек деп эсептейбиз», -деди Жеңиш Разаков.
Ал кошумчалагандай, Жогорку Кеңеште бузуулар тууралуу Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу 3 мыйзам долбоору бар.