20:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Акүй алдына түкүргөн жаран Ысык-Көлдөн Бишкеке алынып келди

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында түкүргөн жаран Бишкеке алынып келинди. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Рамис Закиряевдин буга чейин Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө түшүнүк кат жазганы кабарланган.

Анын интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган.

Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык 1-январдан тарта «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Эң көп окулган жаңылыктар