Түкүрүк боюнча жергиликтүү бийлик түшүндүрүү жүргүзөт. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүк кеңешмеде буйруду.
Ал айып пул заман талабы экендигин, ал коомдук аң-сезимдин жана коомдо жүрүм-турум тажрыйбасынын калыптанышына багытталганын айтты.
«Айып салуу — бул объективдүү чара. Өсүп келе жаткан муундун тарбиясы үчүн коомдо жүрүм-турум эрежелерин өз балдарына сиңире турган ата-энелердин — улуулардын — чоң жоопкерчилиги бар экенин эскерте кетем. Элибиз ар дайым тазалыкты сүйгөн жана жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр мамилеси менен айырмаланып келген. Биз өсүп келе жаткан муунга туура үлгү көрсөтүүбүз керек. Кыргызстандыктардын аң-сезими өсүүдө жана өлкөбүздө шаарлар коопсуз, көчөлөр жана короо-жайлар таза болушу керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.