00:59
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чубак ажы Жалилов түкүрүккө айып пул боюнча пикирин айтты

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов түкүрүк жана түкүрүнүү боюнча пикирин билдирди. Аны социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Ал түкүрүүгө тыюу салуу жана аны айып пул менен жазалоо туура чечим экендигин белгилейт.

«Жеке менин пикиримде тазалыкка кам көрүү мактоого татырлык иш. Дүйнөлүк практикада боло келген көрүнүш. Эгер иш жүзүнө ашып кетсе эң эле жакшы болмок. А бирок элди даярдап, аң-сезимин өстүрүү аркылуу аткарсак ийгиликке бачымыраак жетмекпиз», — дейт мурдакы муфтий.

Чубак ажы Жалилов ислам дини тазалыкка өтө маани берерин жана айлананы таза кармоого, аны менен бирге жерди таштанды, түкүрүк, какырыктан тазалоого чакырарын айтат.

«Мусулманчылыкта тазалыкка маани берүү коомдогу адептүүлүктүн бир формасы катарында эле каралып калбастан, акыйда маселесине таандык болуп, кээ бир жагдайларда тазалыкка шалаакылык менен мамиле кылуу ыймандын суздугун туюндурат. Тазалыкты таштаган адам күнөөкөр болуп, карманган адам соопко ээ болот», — дейт ал.

«Пайгамбарыбыз алейхис салам: «Эки каргыш айтуучудан сактангыла!», дегенде, сахабалар: «Алар кимдер, оо Аллахтын пайгамбары?», деп сурашты. Пайгамбарыбыз алейхис салам: «Адамдар өткөн жолго, же алардын көлөкөлөнгөн (эс алган) жерине ичин бошоткон (заара кылган, түкүргөн, какырган, чимкирген, таштанды таштаган..) адам», деп жооп берди. (Муслим)», — дейт ал.

Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Эң көп окулган жаңылыктар