04:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жалал-Абад облусунда баңги каражаттарын жайылткандар кармалды

Жалал-Абад облусунда баңги каражаттарын жайылткандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районунда гашиш сатып жаткан учурда шектүү катары эки жаран кармалды. Алар Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы тургуну Ш.уулу И., жана 29 жаштагы тургуну К. уулу Т. болуп чыкты.

Текшерүү учурунда 5 килограмм 415 граммды түзгөн жашыл-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат жана жарым миллиондон ашык акча каражаттары табылган.

Алынган заттын гашиш экени аныкталды.

.

Эң көп окулган жаңылыктар