10:53
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башталды

Бүгүн Октябрь райондук сотунда мурунку мэр Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башталды.

Сотко ТНК «Дастандагы» иш жана жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер аянттарын берүүдөгү жемкорлук боюнча иш келип түшкөн.

Жактоочу Сергей Слесарев журналисттерге фото жана видеого тартууга уруксат берүүнү өтүндү, бирок сот Кымбат Архарова өтүнүчтөн баш тартты. ЖМК өкүлдөрү отурумга катышып, диктофон колдонууга гана уруксаат алышты.

Эске салсак, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

 
Эң көп окулган жаңылыктар