08:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте унааларды уурдап, кийин өрттөп жиберген деген шек менен 3 киши кармалды

Бишкекте унааларды уурдап, кийин өрттөп жиберген деген шек менен 3 киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 7-январдан 8-январга караган түнү белгисиз адамдар анын Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын уурдап айдап кеткенин айтып, арызданган. Ушундай эле арыз Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө да келип түшкөн. Анда шаар тургунунун 16-январдан 17-январга караган түнү үйдүн короосунан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү машинасы уурдалганы жазылган.

«Аталган кылмышка шектелип 3 киши кармалды. Алардын бири 23, экинчиси 19, үчүнчүсү 17 жашта. Далил катары унаанын 8 дөңгөлөгү табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө алар унааларды Бишкектен уурдап Чүй облусунун аймагында өрттөп салышканы белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума