19:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткенде биринчи жолу жүрөк кемтигине операция жасалды

Баткен облусуна караштуу Исфана шаарында алгачкы ирет канды жасалма айлантуу ыкмасы менен жүрөк кемтигине операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, операцияны Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө борборунун кызматкерлери жасашты. Ошондой эле аталган борбордун кызматкерлери 120 кишини текшерүүдөн өткөрүштү.

Маалыматта жакынкы арада өлкөнүн башка аймактарында дагы жүрөккө операция жасоо пландалып жатканы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар