14:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандыктар жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 2 медаль утушту

Кыргызстандык спортчулар Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгелери үчүн өткөрүлгөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште эки медалдын ээси болушту. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш Усть-Каменогорск шаарында (Казакстан) өткөн. Ага Украина, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Түркия, Армения, Беларусь, Казакстандан 300 жөө күлүк катышты.

Кыргызстандын атынан барган спортчу Анна Буланова 60 метрге жарышууда күмүш медалды жеңди. Ал эми 3 миң метрлик жарышта чуркаган Данияр Артыкбаев коло медаль тагынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби