04:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Албек Ибраимов өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт

Бүгүн Октябрь райондук сотунда мурунку мэр Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башталды. Сотко төрагалык кылган Кымбат Архарова бүгүн отурумдун болбой тургандыгын айтты. Буга анын кылмыш иштин материалы менен тааныш эмес экендиги себеп болду. 

Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев дагы баардык документтер менен тааныш эмес экендигин кошумчалады. Сот 28-январга чейин уланат.

Мурунку шаар башчысы 24.kg агенттигине соттун адилеттүүлүгүнө ишенбей тургандыгын айтты. Ал өзүнүн кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт. 

Эске салсак, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар