09:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Кыргызстанда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды. Улуттук биринчилик 9-10-январда өттү.

Жеңиш үчүн 10 салмак ченинде балбандар ат салышты.

57 килограмм салмак ченинде Мырзаназар уулу Бекболот, 61 килограмм салмак ченинде Улукбек Жолдошбеков, 65 килограмм салмак ченинде Эрназар Акматалиев, 70 килограмм салмак ченинде Исламбек Орозбеков, 74 килограмм салмак ченинде Саякбай Усупов чемпион аталышты.

79 килограмм салмак ченинде Ильгиз Жакыпбеков, 86 килограмм салмак ченинде Алигаджи Гамидгаджиев, 92 килограмм салмак ченинде Чынгыз Керимкулов, 97 килограмм салмак ченинде Магомед Мусаев, 125 килограмм салмак ченинде Музафар Жаппуев чемпион болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар