17:40
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Түкүрүккө айып пулга каршы түкүргөн жаран түшүнүк кат жазды

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына келип түкүрүп, анысын видеого тарткан жаран милицияга келип, түшүнүк кат жазды. Бул тууралуу ал өзү кезектеги видеодо билдирген.

Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 27 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Ал видеодо түкүрүк менен элдин үнүн бийликке жеткирүү максатын көздөгөнүн айтат.

Буга чейин Интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган.

Бишкек милициясы жаңы жылдан тарта күчүнө кирген кодекске ылайык (Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуу жөнүндө кодекс) мындай жорук үчүн административдик жазага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарта турганын айткан.

Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Эң көп окулган жаңылыктар