20:21
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргызстандыктар бел боо күрөшү боюнча өткөн дүйнө чемпионатында 5 медаль утушту

Кыргызстандыктар бел боо күрөшү боюнча юниорлор арасында өткөн дүйнө чемпионатында 5 медаль утуп алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Валерий Фуфачев билдирди. 

Мелдеш Астанада өттү. Ага 20 жашка чейинки 22 өлкөнүн спортчулары катышты. Кыргызстандын атынан 15 спортчу ат салышты.

Акылбек Насирдинов (57 кг), Кудайберген уулу Максат (62 кг), Бакберди Мирсиламбеков (68 кг), Нурсултан Бочонов (75 кг) жана Адилет Барпыбеков (100 килодон жогору) 3-орунду алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби