USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Чүйдө айыпталуучуларга бычак, телефон, өгөө берүүгө аракет кылгандар кармалды

17:10, 27 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук соттук отурум залында 2 жаран айыпталуучуларга бычак, телефон, өгөө берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, райондук соттук отурумда 2017-жылдын ноябрда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качкан деп айыпталып жаткан жарандардын иши каралмак. 

Соттук процесс баштала электен мурун 18-20 жаштар чамасындагы эки жаран милицияга кайрылып, соттолуучулардын биринин буюмдарын берип коюуну өтүнүшкөн. Куржундун ичин текшерүү маалында башка буюмдар менен чогуу 3 бычак, 3 темир өгөө жана 4 смартфон табылды.

Аталган окуяга тийиштиги бар 2 жаран кармалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика