16:33
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Орхон Инанды түрк жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин билдирди

Анкара шаарында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инандынын соту башталды. Ал сотко видео конференция аркылуу катышкан.

Орхон Инанды колу үч жерден сынганын айтып, ден соолугу жакшырганча соттун ишин жылтырып турууну өтүнгөн.

Андан сырткары, ал кыргыз жараны экенин, түрк жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз бергенин кабарлаган.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Орхон Инандынын жоголушу тууралуу Садыр Жапаров Реджеп Эрдогандан сураганын, ал Инанды боюнча маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча уккусу келбегенин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар