22:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин соту башталды

Бишкекте үч адамды өлтүрүү боюнча ишти Октябрь райондук соту карап баштады. 

Шектүү Чынтемир Аширалиевдин жактоочусу сотту жабык өткөрүүнү суранды. Прокурор жана жабыр тарткан тарап ага каршы чыгышты. 

Быйыл февралда Бишкек шаарында 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.А. аттуу жаран 17-февралда кармалган. Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин № 1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарып, кийин анын абактагы мөөнөтү узартылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым маалымат каражаттары шектүү Чынтемир Аширалиев экенин жазышкан. Ал 2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу № 2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Эң көп окулган жаңылыктар