06:56
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Активист Зарина Төрөкулова беш жылга соттолуп, пробация менен чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Зарина Төрөкуловага карата өкүм чыгарды. Бул жөнүндө 24.kg агентигине адвокат Акмат Алагушев билдирди.

Анын айтымында, прокурор беш жылга кесүүнү, ал эми адвокаттар актоону суранышкан.

«Жыйынтыгында Зарина Төрөкулова беш жылга соттолуп, бирок үч жылга пробация колдонуу менен сот залынан бошотулду», — деди юрист.

Буга чейин прокуратура Зарина Төрөкулова «Умай Аруу» аккаунту аркылуу эки билдирүү бөлүшкөнүн белгилеген. Алардын бири «Жапаров мафия», ал эми экинчиси «Онлайн митинг уюштурабыз» аталышындагы журналист Олжобай Шакирдин видеосун бөлүшкөн. Олжобай Шакир 2023-жылдын 23-августунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жигердүү баш ийбөөгө чакыруу, массалык башаламандык жана бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айыпталып кармалган.

Буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну демилгелеп жаткан. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар