10:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мурас-Ордо конушунда инисин бычактап өлтүргөн жигитке сот өкүмү чыгарылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы инисин өлтүрүүгө айыпталган өспүрүм "С. у.А.«га карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ал С.уулу А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Аффект абалында киши өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

«Кылмыш-жаза кодексинин «Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу» беренеси боюнча, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен үч жылга эркинен ажыратылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, үстүбуздөгү жылдын 17-мартында Мурас-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринен 13 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары анын 17 жаштагы агасы кармалган. Ал эми маркумдун талма оорусу менен жабыркай тургандыгы аныкталган. Милициянын маалыматына караганда, балдар айтыша кетип, агасы инисин бир нече ирет бычак менен сайып өлтүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар