09:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Самара Каримова музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулду

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты.

Эске салсак, ырчынын жетекчилик кызматка дайындалышы тууралуу буйрук 24-октябрда чыккан. Ал 31-октябрда окуу жайдын жамаатына тааныштырылган.

Кечээ, 1-ноябрда Самара Каримова тууралуу буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жокко чыгарганы маалым болду. Анын айтымында, буйрук ал министр болуп дайындалганга чейин мыйзамсыз чыгарылган.




Эң көп окулган жаңылыктар