01:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мушкер Акжол Сулайманбек уулу: Жаш кезде жеңилип калганда ыйлаган учурлар болгон

Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу акыркы 2 жылдан бери Орусиянын Екатеринбург шаарында кесипкөй бокс боюнча РМК (Русская Медная компания) компаниясы менен 5 жылдык келишим түзүп иштешип келет. Азиянын WBC (бүткүл дүйнөлүк мушкерлер кеңеши) жана WBA(бүткүл дүйнөлүк мушкерлер ассоциациясы) боюнча эки версиянын чемпиону аталган 28 жаштагы спортчу 24.kg агенттигине сүйгөн кесиби тууралуу айтып берди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. мушкер Акжол Сулайманбек уулу беттештен кийин

— Алгачкы жеңишиңиз жана жеңилүү ызасын тарткан күнүңүз эсиңиздеби?

— Менин алгачкы жеңишим бүгүн дагы эсимде, 10 жашымда Баткен облусунда уюштурулган мелдеште 32 килограмм салмак ченинде биринчиликти жеңип алгам. Ал эми 2000-жылы Ош шаарында өткөн мелдеште биринчи жолу жеңилүү ызасын тарткам.

— Утулуп калып ыйлаган учурлар болгонбу?

— Спорт бул убактылуу нерсе, кээде жеңилесиң, кээде утасың. Спортто жеңилүү болсо болсун, чыныгы жашоодо жеңилүү болбосун деп тилек кылат элем. Ал эми мурда утулган учурда ыйлаган убактар болгон...

— Акыркы 2 жылдан бери Орусияда профессионалдар арасында күч сынашып, бир дагы жолу утулбаптырсыз?

— Намысты коргоп Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Корея, Таиланд, Орусия, Азербайжан жана Кытайга барып келдим. Чынын айтсам, алган медалдарымдын так санын билбейм. 2016-жылдан бери Орусияда профессионалдар арасында күч сынашып келем. Бул убакыт ичинде 10 ирет рингге чыгып бардык каршылаштарымды багындырдым десем болот.

— Спорттун аркасы менен эмне таптыңыз?

— Спортто достукка ишенем, себеби канча дос күткөн болсом ошонун баары спорттун аркасы менен келди. Бирок, беттешке чыкканда достук болбойт деп ойлойм.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. мушкер Акжол Сулайманбек уулу

— Канча жашка чейин бокс менен машыксам дейсиз? Спортчулар криминалдык чөйрөгө аралашып кетет деген кепке кандай дейсиз?

— Спорт менен алектенгенге жашка чек коюлбайт, Аллах ден соолук берсе 50 жашка чейин алектенем деп ниет кылып жүрөм. Беттешке чыкканда ар кандай жаракаттарды алган учурлар көп эле болот, себеби бокс бул эң кооптуу спорттун түрү. Дарыгерлерге тез-тезден кайрылганга туура келет. Ал эми спортчулар криминалдык чөйрөгө аралашып кетет деген кепке кошула бербейм. Ар бирибиздин курчап турган чөйрөбүзгө жараша болот. Учурда Кыргызстандагы спорттун абалы башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө эле кейиштүү, ошого карабастан биздин спортчулар чет өлкөлөрдө намысты бербей келет. Себеби, кыргыздын канында өжөрлүк, чыдамкайлык деген сапаттар бар.

— Өзүңүз кайсыл жактын кулуну болосуз?

— Мен Баткен районуна караштуу Кызылжол айылынан болом. Агаларым бокс менен машыгышчу, ошолордун арты менен бокска болгон кызыгуум артты. Ошентип 10 жашымдан баштап спорттун бул түрү менен машыгып калдым. Менин чоң таятам балбан болгон экен, азыркыга чейин Арзымомун балбан талды жулуп алган деп апам жана таякемдер көп айтып калышат. 2008-жылы орто мектепти аяктап, кийин Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында мамлекеттик университеттин дене тарбия факультетин бүтүргөм.

Эң көп окулган жаңылыктар