06:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алматыда жарым марафонго катышып жаткан студент каза болду

Алматыда алгачкы жолу уюштурулган күзгү жарым марафон маалында анын 18 жаштагы катышуучусу Максим Королев каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Астаналык Максим Королев Санкт-Петербург кесиптик кошуундар университетинин Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн студенти болчу. Курсташтарынын айтымдарында, ал «күрөш жана мушташ самбосу» боюнча Казакстандын спорт чеберине талапкер болуп, чуркоо боюнча шаардык спартакиадаларда жеңиштерге жетип жүргөн.

Күбөлөрдүн айтымдарында, марага бир квартал калганда Королев өзүн жаман сезип жыгылган. Үч мүнөттүн ичинде келген тез жардам кызматынын дарыгерлери анын каза болуп калганын айтышкан. Медиктер студенттин өлүмүнүн себептери соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары чыккандан кийин белгилүү болорун билдиришти.

Жарым марафондун уюштуруучулары Королевдин туугандарына көңүл айтып, ата-энесинин Алматыга учуп келишине жардам беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар