20:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кытай элчилигине ТИМден нота. Студенттерге «жашыл коридор»

ТИМ Кытай элчилигине кыргызстандык студенттер үчүн виза берүү маселеси боюнча нота жиберди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, студенттер Кытайдагы ЖОЖго өз алдынча тапшырышкан. Эми виза ала албай келишет. Алар электрондук кезекке турушу керек, бирок айрым студенттердин окуусу 30-октябрда башталмакчы.

«Билим берүү министрлиги ТИМге окууга өткөн студенттердин тизмесин жиберет. Мындан кийин гана кытай элчилиги аларга «жашыл коридор» беришет. Аталган ыкма менен кытайга 1 миңдей студент жөнөп кетишкен», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар