08:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу 9-июнда башталат

2018-2019-окуу жылына абитуриенттерди жогорку окуу жайларына тандоо турлары жана кабыл алуу ушул жылдын 9-июлунда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына кабыл алуу төмөндө  кененирек берилди:

9-14-июль -Биринчи тур
9-11-июль- Ажыратылма талондорду чогултуу
11-июль 14:00 -Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
12-июль 10:00гө чейин Кабыл алуу үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмесин чыгаруу
12-14-июль- Абитуриент жогорку окуу жайга тапшырууга каалоосун тастыктайт
16-21-июль Экинчи тур
16-18-июль- Ажыратылма талондорду чогултуу
18-июль 14:00- Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
19-июль 10:00гө чейин -Кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин чыгаруу
19-21-июль- Абитуриент жогорку окуу жайга тапшырууга каалоосун тастыктайт
23-28-июль -Үчүнчү тур (Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлөт)
23-25-июль- Ажыратылма талондорду чогултуу
25-июль 14:00- Ажыратылма талондорду чогултууну аяктоо
26-июль 10:00гө чейин Кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин чыгаруу
26-28-июль- Абитуриент жогорку окуу жайга тапшырууга каалоосун тастыктайт

Эң көп окулган жаңылыктар