23:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Үлпөт көйнөкчөн студент көпчүлүктүн көңүлүн бурду

ОШ мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Айсулуу Алмазбекова И.Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына которулуу үчүн комиссиянын отурумуна үлпөт көйнөк кийип келди. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кыздын үлпөт тою комиссиянын отуруму менен дал келип калган. 

Комиссия мүчөлөрү Айсулуунун өтүнүчүн канааттандырышып, Бишкектеги окуу жайдын тиш дарыгери факультетинде окуусун улантууга уруксаат беришти. 

Кошумчалай кетсек, студент кыз турмушка чыкканына байланыштуу, Оштон Бишкекке которулуп келүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар