02:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандык студенттер Россиядагы хирургия олимпиадасына катышууда

Иркутск шаарында Федор Углов атындагы хирургия боюнча бүткүл россиялык олимпиада башталды. Бул билдирди ogirk.ru порталында билдирилди.

Ага Россиянын жана Кыргызстандын алдыңкы медициналык университеттеринин 3-6-курстарынын 100гө жакын студенти «дарылоо иши» жана «педиатрия» багыты боюнча катышууда.

Катышуучулар үчүн теориялык жана практикалык тапшырмалар даярдалды.

Ошондой эле студенттер Иркутск облустук балдар клиникалык ооруканасын, шаардын кооз жерлерин көрүп, Байкал көлүнө дагы барышат.

Олимпиаданын уюштуруучулары Иркутск мамлекеттик медициналык университети менен Сибирдеги жана Ыраакы Чыгыштагы балдар хирургиясын өнүктүрүү боюнча «Нужна операция» фонду.

Эң көп окулган жаңылыктар