USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Бүгүн Чолпон-Атада III Түрк универсиадасы башталат

10:25, 04 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Атада III Түрк универсиадасы башталат. Ага 450дөн ашык спортчу — Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Мелдештер спорттун жети түрү боюнча өтөт: волейбол, футзал, стол тенниси, шахмат, дзюдо, эркин күрөш жана грек-рим күрөшү.

Ысык-Көлдүн жээгине Венгрия менен Тажикстандын өкүлдөрү да байкоочу катары келишти.

«Универсиада студенттик спорттун жаркын окуясы болуп, түрк өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы достукту чыңдап, сергек жашоону жана спорттук биримдикти жайылтуу аянтчасына айланат», -деп белгилешти уюштуруучулар.

Түрк Универсиадасы — Түрк мамлекеттеринин уюмунун колдоосу астында жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өтүүчү эл аралык мелдеш.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика