15:16
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жалал-Абад тогуз айда өндүрүштүн көлөмү эки эсеге өстү

Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары өткөн тогуз ай ичинде чыгарылган продукциянын көлөмүн эки эсеге жакын көбөйтүштү. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

Алынган маалыматтарга караганда, анын физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 178 пайызга өскөн.

Шаардагы өнөр жай ишканалары өткөн жылдын тогуз айында салыштырма баалар менен 2 миллиард 246,7 миллион сомдук продукция өндүрүшкөн. Быйылкы тогуз айдагы анын көлөмү 2 миллиард 565,3 миллион сомго жетти, же өткөн жылга салыштырмалуу 138,6 миллион сомго көп болуп, 105,7 пайызга өсүш катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар