07:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жалал-Абадда мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө

Жалал-Абад шаарында мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдыда милиция кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн өтүшөт.

Ошондой эле, вакцина алууну каалаган жарандар өздөрү катталган үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылса болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыры бир күндө 2 миң 130 адам коронавируска каршы эмделди. Өлкө боюнча жалпы 20 миң 458 адам эмделсе, анын ичинен 606сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Эң көп окулган жаңылыктар