17:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азиз Суракматов кыргыз тилинен сынак тапшырды

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилинен сынак тапшырды. Ал коюлган 2 шарт боюнча өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуду. Мындан башка көркөм чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берди.

Эске салсак, Бишкек мэрлигине талапкер катары шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Азиз Суракматов гана арызын тапшырды. Анын программасында жолдорду оңдоо, автобус, троллейбустарды көбөйтүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу маселелери камтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар