21:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токтогул шаарында жаңы мэри шайланды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарынын мэри болуп Болот Болгонбаев шайланды.

Маалым болгондой, бүгүн Токтогул шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгүнө эки талапкер ат салышты. «Өнүгүү», КСДП, «Энергетиктер» фракциялары биригип түзгөн «Биримдик» көпчүлүк коалициясы Болот Болгонбаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн. Ал эми оппозициялык азчылыктан Мира Солтоева көрсөтүлдү.

Шайлоонун жыйынтыгы менен Болот Болгонбаевге 12 депутат добуш берген. Ал эми экинчи талапкер 9 депутаттын колдоосуна ээ болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума