USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланды

16:03, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланды. Мындай чечим жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сессиясында кабыл алынды.

Маалыматка караганда, мэрлик кызматка талапкер болуп шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев көрсөтүлгөн. Анда жыйынга катышкан 30 депутаттын 18и Мураталы Тагаевге, 11 депутат Шайырбек Ташиевге добуш беришкен. Бир депутат эки талапкерге тең каршы добуш берген.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов май айында кызматынан бошотулган. Ал буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика