Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматов 28-октябрга чейин камоодо калтырылды.
Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин колдоп, Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырды.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде, Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп күнөө тагылууда.