18:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

УКМК: Кубанычбек Кулматов мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандыгын алган

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын жарандыгы тууралуу арыз менен кайрылган эмес. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК 14-июнда Кубанычбек Кулматов жана башка кишилерге карата 350-берене (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) жана 346-берене (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кубанычбек Кулматов 1995-жылы 11-октябрда СССРдин жараны паспортун жоготуп алганына байланыштуу, кийин Орусиянын паспортун алган. Ошентип ал орус жарандыгына ээ болгон.

2008-жылы 45 жашка чыкканда паспортун Орусиянын жаранынын жаңы паспортуна алмаштырган. Бирок, ал ошол маалда Кыргызстанда Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан. 1996-жылы 26-ноябрда ал Орусиянын жараны болуп туруп деле, СССРдин жараксыз (жоголгон) паспортун колдонуу менен мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алган. Кийин 2001-2003-2013-жылдары паспортун алмаштырган.

«Мындай жол менен Кубанычбек Кулматов паспорт столдун кызматкерлерин алдап, жараксыз паспортун колдонуп, Ф-1 арызындагы жарандыгы көрсөтүлчү жерге калп маалымат киргизүү менен 1996-жылы Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алууга жетишкен», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар