12:51
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ала качуу. Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча сот башталды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча соттук териштирүү башталды.

Айыпталуучулар- Марс Бөдөшовду Акмат Сеитовду 10 аскер курчап, сот залына алып келишти.

Марс Бөдөшов коюлган айыптарды мойнуна алган жок. Ал өзүн ала качуу фактысы боюнча гана күнөөлүү деп эсептейт.

Ал эми жабырлануучу тарап 2 миллион сом материалдык чыгым талап кылууда.

«2 миллион сомду Бурулайдын ата-энеси жаназага жумшаган. Эч ким мындай окуяны күткөн эмес», — деп билдирди жактоочу Эсения Рамзанова.

Эске салсак, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы киши колдуу болуп каза тапкан. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин, милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да кол салганын билдирген.

Окуядан кийин маркумдун жакындары кыздын көкүрөгүндө жазуу болгонун жарыялады. Бирок, аны экспертиза ырастаган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума