02:54
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Депутат Кытайдан келген туристтик топторго визасыз режим киргизүүнү сунуштады

Депутаттар Кытайдан келген туристтик топторго визасыз режим киргизүүнү сунуштап жатышат. Мындай сунушту депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин отурумунда көтөрүп чыкты.

Айтымында, Кыргызстанда миграция күч алды, анткени мамлекет элдин иш менен камсыздай албайт. Жаңы иш орундарын түзүү көп каражат жана күчтү талап кылат. Депутат көп каражат талап кылбаган маселени чечүүчү системаны сунуштады.

«Биз дайыма туристтик потенциалыбыз жакшы деп айтып келебиз. Көпчүлүк өлкөлөрдө туризм ИДПнын 30 пайызын түзөт. Кытайлык туристтер көп өлкөлөрдө ИДПнын басымдуу пайызын түзөт деген маалыматтар бар. Орусия менен Казакстан кытайлык туристтик топтор үчүн визасыз режим колдонушат. Туристтик компаниялар алардын өлкө аймагынан кайра чыгып кетүүсүнө жооптуу болот. Эмне үчүн биз муну аткара албайбыз? Миграция кызматы жана УКМК келген меймандар калып калышы мүмкүн деп коркуп жатат. Бирок, келген туристтердин кайра өз өлкөсүнө чыгып кетүүсүн камсыздашыбыз керек», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби