10:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркия кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди алты айга узартат

Түркия кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди алты айга чейин узартат. Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, Түркияда 20 миңдей кыргызстандык бар, ал эми жайкысын алардын саны 40 миңге чейин жетет.

«Бул Антальядагы жети айга чейин созулган курорттук мезгилге байланыштуу. Бирок көйгөйлөр да бар. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин мөөнөтү 90 күн. Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү, Кыргызстандын ТИМ башчысынын иши жана Түркиянын ТИМ башчысы Хакан Фидан менен түз сүйлөшүүлөр аркылуу эки маселе чечилди. Жергиликтүү мыйзамдарды бузган жарандарыбыз үчүн жашыл коридор түзүлдү. Буга чейин алар кара тизмеге кирип, өлкөгө кирүүгө тыюу салынып, айып пул салынчу. Азыр жылдын аягына чейин жашыл коридор ачылды. Андыктан жарандар жеңилдетилген тартипте айып пул төлөп чыгып, кайра кире алышат», — деди Руслан Казакбаев.

Элчи тараптар Түркияда жүргөн кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди алты айга чейин узартууну да макулдашканын белгиледи.

«Түркия үч айга берилген туристтик визанын мөөнөтү бүткөн жарандар жумуш таап, өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырып алышы үчүн акыркы эскертүү жана мүмкүнчүлүк берип жатат», — деди Руслан Казакбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар