15:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте кытайлык жарандар кызыл сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылышкан

Бишкекте кытайлык жарандар кызыл сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сымапты сатып өткөрүүгө аракет кылган жарандарды милиция кармады.

Бишкек ШИИББ маалыматты тастыктады. Учурда экспертиза дайындалды.

«Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда жарандарга кайдай айып тагылаары маалым болот. Чет элдик жарандар кайра келүү милдеттенмеси менен кое берилди», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар