23:11
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Тажикстан түрк жарандары үчүн виза режимин киргизет

Тажикстан 20-апрелден тарта Түркиянын жарандарына виза режимин киргизет. Бул тууралуу «ХОВАР» маалымат агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме менен билдирди.

Тышкы саясат мекемеси белгилегендей, Тажикстан өкмөтүнүн 28-марттагы токтомуна ылайык, 20-апрелден баштап Түркиянын жалпы жарандык чет өлкөлүк паспортунун ээлерине карата виза режими киргизилет.

Түркиянын жарандары визаны Тажикстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринен жана консулдуктарынан ала алышат.

Түркия 20-апрелден тарта Тажикстан менен визасыз режимди токтотору 6-апрелде белгилүү болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар