03:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Гүлнара Каримованын кызы Өзбекстандан чыгып кетти. Ал апасын да үйдө дейт

Гүлнара Каримованын кызы Иман Өзбекстандан чыгып кетти. Бул боюнча ал инстаграм баракчасы аркылуу маалымдады.

Ал төрт күн мурда Ташкент-Лондон каттамы менен учуп кеткен. Иман инстаграмда Ташкенттеги аэропортто ноутбук, айпаддарын алдырып койгондугун жазат.

«Атайын фейк-мушташ уюштурулуп, менин көңүлүмдү алагды кылып, ал кезде айрым маалыматтарды өчүрүп салышыптыр. Бул дагы апам азыр үйдө болгондуктан болсо керек», — дейт ал.

Мындан улам, Гүлнара Каримова боштондукка чыктыбы деген маалыматтар таркап, аны Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жокко чыгарды. Алар биринчи президенттин кызы мөөнөтүн абакта өтөп жаткандыгын жарыялашты.

Ал Иман Каримова Лондондон сүрөттөрдү жарыялап, ал жакка окууга кеткендигин билдирүүдө. Гүлнара Каримованын уулу Ислам дагы Лондондо жашайт.

Белгилей кетсек, Иман апасы менен бирге 2014-жылы кармалган. Көпкө чейин алар жөнүндө маалымат жок болуп, 2017-жылы гана өзбек бийлиги Гүлнара Каримова беш жылга соттолуп, абакта олтурганын жарыялайт. Гүлнара Каримовага каршы Европада дагы сот жараяны жүрүүдө.

Иман Каримова 2014-жылдан кийин биринчи жолу 2017-жылы 31-августта эл алдына чыгып, Ислам Каримовдун Ташкенттеги айкелинин ачылышына тайэжеси Лола Каримова менен бирге катышат. Экөөнүн сүрөтүн Лола Каримова социалдык тармакка жүктөгөн.

Айта кетүүчү жагдай Лола менен Гүлнаранын мамилеси өтө начар болуп, көп жылдар бою сүйлөшпөгөнүн айтышат.

Ал Иман инстаграмда Лола Каримова менен байланышы боюнча суроого «уккум келбейт» деген белги менен жооп берди.

Иман 2017-жылдын жайынан баштап, инстаграм аккаунттун ачыктап, ага башынан өткөргөн окуяларды жазууда. Ал 2014-жылы үйүндө кармалып, сурактан кийин бошотулуп, эртеси аларды махалладан автобус жана бир нече ууна менен келген маскачандар кайра кармап кетишкенин баяндайт.

«17,-18, 19 жашымды камоодо тостум. Үй камагында болдук. Ар кандай кысым көрсөтүлдү. Кезектеги сурактан кийин чыдабаган кызматкерибиз уксус ичип ашканада өз өмүрүнө кол салды. 2015-жылы август айында апам экөөбүздү бөлүп алып кетишти. Апамды итканада соттоп, төрт жылга кести. Сот бүткөндө мени дагы ал жерге алып барды. Караңгы, сыз жерде жаттык. Мен бир күн «Түркестан» мейманканасына алып кетишти. Апамды үйдүн ванна жана сауна бөлүгүнө которуп, азыркыга чейин ошол жерде. Мен мейманканада катуу кайтарууда жашадым. Апамды 2016-жылдын башынан тарта жумасына эки жолу алып барып турушту. Бирок кээде көпкө чейин жолуга албай калчумун», — деп жазат Иман 2017-жылы.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын мурдакы президенти Ислам Каримов 2016-жылдын сентябрь айында көз жумат.

Эң көп окулган жаңылыктар