07:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Гүлнара Каримова Өзбекстандын бийлигине 1,2 миллиард сом төлөгөнүн айтып чыкты

Гүлнара Каримова Өзбекстандын элинен кечирим сурады. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова жарыялаган инстаграмдагы кайрылуусунда айтылат.

Кайрылууда Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, Өзбекстанга 1,2 миллиард доллар кайрып бергенин айткан.

«Бул менин акыркы 6 жылдагы алгачкы кайрылуум. Менин азыркы абалыма кайдыгер карабай «дуа» кылып жана сарсанаа болуп жаткандардын бардыгына рахматымды айтам. Мен элдин алдында эгер кимдир бирөөнү түңүлтүп алсам, менин көйгөйүмдү сыйлаган жана сыйлап келгендерден кечирим сурайм. Прокуратура, мен тарабынан мамлекеттен чыгып кеткен байлыктын эсебин тактай албай жатканын айтканына карабай, протокол үчүн айтып коёюн, Өзбекстандын ичиндеги менин жеке активдерим азыр меники эмес, ал республиканын бюджети үчүн иштеп, жергиликтүү бир канча тергөөнүн жыйынтыгында, 1,2 миллиард доллар киреше кирген», — деп айтылат Гүлнара Каримованын кайрылуусунда.

Андан тышкары, Гүлнара Каримова Өзбекстандын укук коргоо органдары менен иштешип жаткандыгын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар