08:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ислам Каримовдун кызы Гүлнара тууралуу уулу жана кызы билдирүү жазды

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова боюнча кызы Иман инстаграм баракчасына жаңы маалымат жарыялады.

Иман чүчбара даярдап жаткан видеону жарыялап, «Апам ашканада болгондо, баары башкача», — деп жазган.

Ал эми уулу Ислам Каримов инстаграм баракчасы аркылуу алты күн мурда президент Шавкат Мирзиеевге кайрылган. Ал Гүлнара Каримовага даарыгерлерди киргизбей, кысым көрсөтүп жатканын айтат.

«Бул күндөрү карындашым апамдын жанында болгонго аргасыз болду. Анын дагы жүрөгү ооруйт. Ортодогу сүйлөшүүлөргө карабай, кимдир бирөөлөргө биздин иштин тынч жабылышына каршы күчтөр бар окшойт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Иман Каримова былтыры Лондонго учуп кеткен. Ага чейин ал апасы менен бирге үй камагында, андан кийин өзүнчө кармоодо болгон.

Буга чейин Гүлнара Каримованын Дубайга учуп кеткендиги боюнча маалымат ырасталган эмес. Өзбек бийлигин экс-президенттинин кызынын абакта мөөнөтүп өтөп жатканын айтат.

Айрым ЖМК Гүлнара Каримованын тирүү эместигин божомолдоп келет. Бирок, анын кызы Иман бир нече

күн мурда апасына окшош аял менен түшкөн сүрөтүн инстаграмдагы сторис бөлүгүнө жарыялаган. Ал апасы тууралуу эч өткөн жакта сүйлөбөйт. Иман жана Ислам Каримовдун акыркы билдирүүлөрү Гүлнара Каримованын тирүү экенин билдирет. Бирок, анын учурдагы жашаган жери гана белгисиз бойдон калууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума