04:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Гүлнара Каримова Швейцариядагы сотто утуп чыкты

Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримова Швейцариядагы сотто утуп чыкты. «Bloomberg» басылмасы жазгандай, бул жеңиш анын эсеби жабылган 350 миллион долларын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын адвокаты Грегуар Манжа бул маанилүү утуш экенин айтты.

Швейцариянын Федералдык апелляциялык соту 3-декабрда Каримованы Гибралтарда каттоодон өткөн «Takilant» компаниясынын мыйзамдуу өкүлү деп табууга байланышкан арызын канааттандырды. Бул компаниянын Швейцариядагы банк эсебиндеги акча 2018-жылы кылмыш ишине байланыштуу жабылган.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айыптар коюлган жана ал 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Ушул жылдын сентябрь айында Швейцария менен Өзбекстан Каримованын акчасын кайтаруу боюнча макулдашкан. Ага ылайык, Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарында сакталып турган 131 миллион доллары Ташкентке которулары айтылган.

Анын алдында, май айында Франция Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстанга кайтарып берген.

Эң көп окулган жаңылыктар